Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Канышай Рысбекова: ата-энем алып баруучу болушумду каалаган эмес

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Таң шоола" берүүсүнүн алып баруучусу Канышай Рысбаева
Таң шоола берүүсүнүн алып баруучусу Канышай Рысбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаш алып баруучу Канышай Рысбекова теленин жүзү болуу кыялына жетип, акырындап ой-максатын иш жүзүнө ашырып келе жаткан мезгили.
Канышай Рысбекова: ата-энем алып баруучу болушумду каалаган эмес

Ата-энем журналист, алып баруучу болгонумду каалаган эмес. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине НТС телеканалынын "Таң шоола" берүүсүнүн алып баруучусу Канышай Рысбекова билдирди.

Ал теле жаатына 19 жашында аралашып, азыр түрдүү кыйынчылыкка туруштук берип калган мезгили.

"Эфирге чыгып, алып баруучу болуу менин кыялдарымдын бири болчу. Бирок ата-энем журналист болуума караманча каршы чыккан. Студент кезимде ата-энеме айтпай КТРКга барып теле тармагынын "ашканасын" өздөштүрдүм. Андан соң НТС телеканалына журналист болуп атайын репортаж, сюжеттерди жасаганды үйрөндүм. Бир күнү "мени алып баруучу катары байкап көрбөйсүңөрбү" десем, жетекчилик "сен азыр жашсың, тажрыйба топтошуң керек" деп койгон. Таарынып, ЭлТР каналына барып Замир Казакбаев деген агайдан сабак алып, ошол жакта эфирге чыгып, кыялымды орундаттым. Ошол агайдын артынан көп нерсени үйрөнүп, ал ааламга жол ачып берүүгө жардам берди", — деди Рысбекова.

Канышай Рысбекова кесиби боюнча кыргыз тилчи мугалим экендигин жана быйыл күз айынан тарта балдарга билим бере баштай турганын кошумчалап кетти.

Алып баруучу Канышай Рысбекова менен толук маекти Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0