Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Окенова: Ысык-Көл жээгинде эс алуу мүмкүн эмес

© Sputnik / Табылды КадырбековБеллгилүү продюсер Ырыс Окенованын архивдик сүрөтү
Беллгилүү продюсер Ырыс Окенованын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ысык-Көлдү таза сактайлы" акциясы музыкалык фестивалдын алкагында өтөт
Окенова: Ысык-Көл жээгинде эс алуу мүмкүн эмес

Ысык-Көл бизге кызмат кылат, а биз аны кантип сактайбыз деген маселе учурда курч турат. Бул тууралуу белгилүү продюсер Ырыс Окенова Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, 11-12-август күндөрү Чолпон-Ата, Балыкчы шаарларында жана Бөкөнбаев айылында биринчи жолу "Ала-Тоо таңшыйт" эл аралык музыкалык фестивалы өтөт. Анын алкагында "Ысык-Көлдү таза сактайлы" аттуу акция пландаштырылган.

"Акыркы жылдары эс алабыз деп жатып эле көлүбүздү булгап салдык. Жээкте эс алууга мүмкүн эмес, жердин баары желим бөтөлкө, желим баштык… Тилекке каршы, табият ыроологон белекти жакшы асырай албай жатабыз. Уюштуруп жаткан иш-чарабызда негизинен Ысык-көлдү саза сактоого, маданияттуу эс алууга чакырык ташталат", — деди Окенова.

Продюсер аталган фестиваль быйыл Ысык-Көлдө өтсө, кийинки жылы Кыргызстандын дагы бир бурчунда өтүшү пландаштырылып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0