Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Табалдиева: Түркияда эки сынакка катышып, бирөөнөн 3-орунга жетиштик

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Таажы" бий тобунун жетекчиси Мээрим Табалдиева
Таажы бий тобунун жетекчиси Мээрим Табалдиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандан барган бийчилер Түркияда 21 өлкөнүн өкүлдөрү менен ат салышкан
Табалдиева: Түркияда эки сынакка катышып, бирөөнөн 3-орунга жетиштик

Кыргызстандык бийчилер Түркияда өткөн "Altyn Mobilye" маданият жана искусство эл аралык фестивалында 3-орунга ээ болду. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан радиосуна "Таажы" бий тобунун жетекчиси Мээрим Табалдиева маалымдады.

Анын айтымында, фестивалга жалпы жонунан 21 өлкө катышып, күмүш байгеге Адыгея республикасы, алтынга Македониядан барган бийчилер ээ болгон.

"Кыргызстандын атынан "Агат" жана "Таажы" бий топтору барганбыз. Түркиянын Бурса жана Инегөл шаарларында эки сынакка катыштык. Тилекке каршы, биринчисинен байгелүү орунга жетпей калдык. Экинчиси Инегөл шаарында өтүп, улуттук бийдин төрт түрүн тартуулаганбыз. Калыстардын купулуна толуп үчүнчү орунду ыйгарып, атайын статуэтка жана 1000 доллар акчалай сыйлыкка ээ болдук", — деди Табалдиева.

Ошондой эле ал жолго кеткен чыгымын өздөрү төлөп барса, калганын уюштуруучу тарап мойнуна алганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0