Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Атамбаев: сурамжылоонун аркасы менен Жээнбеков алдыга озуп чыкты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЛетняя пресс-конференция Алмазбека Атамбаева в Чолпон-Ате
Летняя пресс-конференция Алмазбека Атамбаева в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент КСДП президенттикке элдин колдоосуна ээ болгон талапкерди алып чыкканын айтты.
Атамбаев: сурамжылоонун аркасы менен Жээнбеков алдыга озуп чыкты

Атайын сурамжылоо жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында Сооронбай Жээнбеков алдыга чыккан. Бул тууралуу Алмазбек Атамбаев Чолпон-Атада өткөн маалымат жыйынында журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Эске сала кетсек, 15-июлда КСДП партиясынын съезди өтүп, анда аймактардан келген делегаттар бир добуштан азыркы премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдошкон. Курултайда Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков дагы президенттикке аттануу боюнча ою бар экенин кыйытып айткан.

"Чыныбай Акунович көпкө иштеди, фракциянын жакшы лидери болду. Жаңылбаган жаак, мүдүрүлбөгөн туяк болбойт. КСДП президенттикке талапкер издеп, менден кеңеш сураганда социалдык сурамжылоо жүргүзүүнү сунуштагам. Анын жыйынтыгы боюнча Сооронбай Жээнбеков алдыга чыгып, Сапар Исаков экинчи болгон. Эгерде киши партиянын курултайы менен макул болбосо, уставга ылайык, партиядан чыгышы керек", — деди Атамбаев.

Турсунбеков президенттик шайлоого аттануу боюнча өз арызын Борбордук шайлоо комиссиясына тапшыра элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0