Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сулайманкулов: Араванда селден жабыркагандарга жеңилдетилген насыя берилиши мүмкүн

© Фото / Зульфия ТургуноваӨкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Жумамидин Сулайманкуловдун архивдик сүрөтү
Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Жумамидин Сулайманкуловдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Жумамидин Сулайманкулов учурда селден жабыркаган тургундар Кең-Сай конушуна көчүрүлүп жатканын айтты.
Сулайманкулов: Араванда селден жабыркагандарга жеңилдетилген насыя берилиши мүмкүн

Араванда селден жабыркагандарга жеңилдетилген насыя берилиши мүмкүн. Бул тууралуу Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Жумамидин Сулайманкулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Эске сала кетсек, 8-9-июль күндөрү Араван районунда катуу жааган жаандан улам сел жүргөн. Анын кесепетинен улам бир канча турак-жай колдонуудан чыккан.

"Аравандын Кичи-Алай айылындагы селден жабыркаган тургундар көчүрүлөт. Учурда аларга Кең-Сай массивинен жер аянттары бөлүнүп берилди. Буюрса жеңилдетилген насыя берүү маселеси каралууда", — деди Сулайманкулов.

Белгилей кетсек, буга чейин эл менен КР өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов жолугуп, көйгөйүн уккан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0