Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Назира Айтбекова: ажырашкандан кийин 22 жыл көрбөгөн атамды издедим

© Sputnik / Максат ЭлебесовАлып баруучу, актриса Назира Айтбекова маек учурунда
Алып баруучу, актриса Назира Айтбекова маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сүйлөсө тилинен чаң чыккан алып баруучу Назира Айтбекованын жеке жашоосунда жарака кетип, жолдошу Искендер Шаршеев экөө бир жылдан бери чогуу жашабай калышкан.
Назира Айтбекова: ажырашкандан кийин 22 жыл көрбөгөн атамды издедим

Жолдошум менен ажырашкандан кийин 22 жыл көрбөгөн атамды издей баштадым. Бул тууралуу алып баруучу Назира Айтбекова Sputnik Кыргызстан агенттигине маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, апасы менен атасы Назира 9 жашка толгондо ажырашып кетишкен.

"Ата мээримин көрбөй калгангабы айтор мээрим, көңүл көксөй берем. Кыздар атасын мактаса мен аябай жаман болчумун. Кудайдан "мага деле ата берчи" деп тилеп, апам күйөөгө тийсе, дагы төрөп берсе, бир туугандуу болсом деп көп ойлочумун. Бирок мен атасыз чоңойгонум менен Кудайды ата кылып алдым. Өзүмдү да Кудайдын эрке кызымын деп коем. Анткени мен каалаган, көксөгөн нерсенин баарына анын жардамы, колдоосу менен жетип келе жатам. Апам мени жалгыз тарбиялады. Бардык нерсеге өз күчүм менен жетип келе жатам. Ар бир жеңишимди, ийгилигимди апама арнайм", — деди Айтбекова.

Алып баруучу атасы менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү менен аны менен жолуга алган эмес. Бирок ага чалып "сизди кечирдим" деп айтканы үчүн жеңилдеп калганын кошумчалады.

Алып баруучу Назира Айтбекова менен болгон толук маекти Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0