Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Акматалиев: спикерликке Чыныбай Турсунбековдун ордуна Иса Өмүркулов барышы мүмкүн

© Фото / предоставлено Алмазом АкматалиевымСаясий серепчи Алмаз Акматалиевдин архивдик сүрөтү
Саясий серепчи Алмаз Акматалиевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саясий серепчи ЖКнын төрагалыгына башка фракциянын депутаттары барып калышы мүмкүн деген ойдо.
Акматалиев: спикерликке Чыныбай Турсунбековдун ордуна Иса Өмүркулов барышы мүмкүн

Спикерлик кызмат Иса Өмүркуловго тийиши мүмкүн. Бул тууралуу саясий серепчи Алмаз Акматалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, КСДП төрагалык кызматты колдон чыгарбаганга аракет кылат.

"Азыр КСДП фракциясында бири бири менен түшүнбөстүктөр болуп жатканы ачык эле көрүнүп калды. Эгерде Чыныбай Турсунбеков кетсе, ордуна кайра эле КСДП өз адамын койгонго аракет кылат. Бирок башка фракциялар дагы төрагалыкка өз талапкерлерин көрсөтүшү мүмкүн", — деди Акматалиев.

Эске сала кетсек, буга чейин КСДП фракциясы Сооронбай Жээнбековду президенттикке талапкер катары көрсөткөн. Ошол эле учурда төрага Чыныбай Турсунбеков да ажолукка аттануу ниети бар экенин жашырган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0