Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сазыков: транспорт салыгын төлөгөндөр атайын чаптаманы унаасына жармаштырышы керек

© Фото / пресс-служба ГНСМамлеккеттик салык кызматынын маалымат катчысы Эркин Сазыков
Мамлеккеттик салык кызматынын маалымат катчысы Эркин Сазыков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлеккеттик салык кызматынын маалымат катчысы салыкты убагында төлөбөгөндөргө 2000 сом өлчөмүндө айып каралганын айтты.
Сазыков: транспорт салыгын төлөгөндөр атайын чаптаманы унаасына жармаштырышы керек

Транспорт салыгын төлөгөндөр атайын чаптаманы унаасына жармаштырышы керек. Бул тууралуу Мамлеккеттик салык кызматынын маалымат катчысы Эркин Сазыков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

1-сентябрь автоунаа үчүн каралган салыкты төлөөнүн акыркы күнү болсо, турак жай үчүн салык 2-сентябрга чейин төлөнүшү керек.

"Транспорт үчүн салыкты төлөгөндөн кийин атайын чапталуучу баракчаны алыш керек. Ал салыктын төлөнгөнүн тастыктайт. Аны машинанын алдыңкы терезесине чаптап коюу зарыл", — деди Сазыков.

Ал ошондой эле салыкты убагында төлөбөгөндөргө 2000 сом өлчөмүндө айып каралганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0