Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Айтбаев: Казакстанда иштеген жарандарыбыз бекер медициналык жардам ала алат

© Sputnik"Замандаш" ассоциациясынын координатору Азамат Айтбаев
Замандаш ассоциациясынын координатору Азамат Айтбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Замандаш" ассоциациясынын координатору Азамат Айтбаев акысыз медициналык жардам көрсөтүү 2018-жылдан тартып берилээрин баса белгиледи.
Айтбаев: Казакстанда иштеген жарандарыбыз бекер медициналык жардам ала алат

Мындан ары Казакстанда иштеген жарандарыбыз бекер медициналык жардам ала алат. Бул тууралуу "Замандаш" ассоциациясынын координатору Азамат Айтбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Эске сала кетсек, Казакстанда жаңы мыйзам жазылды. Ага ылайык, чет элдиктерге алгачкы медициналык жардам акысыз көрсөтүлөт.

"Кийинки жылдын январь айынан тарта жаңы мыйзам күчүнө кирет. Ага ылайык, Казакстанда жүргөн биздин жарандар акысыз медициналык жардам алат. Мыйзамдагы тартип боюнча алгачкы медициналык жардам акысыз болот да, андан кийинки дарыланууга акы төлөнөт", — деди Айтбаев.

Ал акысыз жардам мыйзамдуу жүргөн мигранттарга гана көрсөтүлөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0