Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абулгазиев: премьер ишин убактылуу токтотсо милдетин биринчи орун басары аткарат

Жазылуу
Биринчи вице-премьер министр Мухамметкалый Абулгазиев аталган тартип атайын мыйзамда камтылгандыгын баса белгиледи.
Абулгазиев: премьер ишин убактылуу токтотсо милдетин биринчи орун басары аткарат

Премьер-министр ишин убактылуу токтотсо милдетин биринчи-вице аткарат. Бул тууралуу Биринчи вице-премьер министр Мухамметкалый Абулгазиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Эске сала кетсек, КСДП партиясы президенттикке учурдагы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин сунуштаган. 

"Азыр эми премьер-министрдин президенттикке талапкерлиги съездден колдоо тапты. Анан кызматты тапшырабы же убактылуу токтотобу өкмөт башчынын укугу. Бул тууралуу Фарид Ниязов дагы билдирди. Эгерде кызматын убактылуу тапшырса анда милдетин биринчи вице-премьер аткарышы керек", — деди Абулгазиев.

Ал ошондой эле жогорудагы тартип мыйзамда көрсөтүлгөнүн, алдыда ушундай жагдай болсо мыйзамдын тартиби менен чечилээрин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0