Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Искеналиев: калыпка салып койгондой болуп жүргөндү жактырбайм

© SputnikЫрча жана актер Съездбек Искеналиев маек учурунда
Ырча жана актер Съездбек Искеналиев маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сахнага алгач чыкканда эле башкалардан узун чачы, териден жасалган кийими менен айырмаланган ырчы Съездбек Искеналиев учурда да чыгармачыл жаатта кызуу иштеп жаткан учуру.
Искеналиев: калыпка салып койгондой болуп жүргөндү жактырбайм

Калыпка салып койгондой болуп жүргөндү жактырбайм, дайыма изденип, бурулуштарды жасагым келет. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине ырчы Съездбек Искеналиев билдирди.

Анын айтымында атың чыккандан кийин бир жол менен кете берсең эл деле сенден тажап калат.

"Чыгармачыл адам дайыма өзгөчөлөнүп турушу керек эмеспи. Мен да бир калыпта жүргөндү жактырбайм. Дайыма кандай кылсам жакшы болот деп изденгендин үстүндөмүн. Башкалардан айырмаланып бурулуштарды жасагым келет. "Мына минтип" ыры да менин чыгармачылыгымдагы бурулуш десем болот", — деди ырчы.

Искеналиев ырчылыктан тышкары актер, режиссер болуп тасмаларда продюсерлик милдетти да аркалап жүрөт.

Ырчы Съездбек Искеналиев менен болгон маекти Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан толугураак окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0