Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Арзыкеева: Despacito соцтармакка жайылганын көрүп жүрөгүм түшүп калды

© Sputnik / Данияр СандыбаевМолодая певица Толгонай Арзыкеева
Молодая певица Толгонай Арзыкеева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Толгонай Арзыкеева мукам үнү менен интернет жылдызына айланды. Ал ырдоодон сырткары бир нече аспаптарда ойноп, кино, клип жана рекламаларга тартылып келет.
Арзыкеева: Despacito соцтармакка жайылганын көрүп жүрөгүм түшүп калды

Despacito ырын аткарып чыгып интернет жылдызына айланган жаш талант Sputnik Кыргызстан радиосуна маек курду.

"Despacito өзүнчө эле эркелеп бийлеп, жылмаюу менен бирөөгө тийишип жаткан сыяктуу менин мүнөзүмө жарашкан ыр экен. Сөзүн карасам аябай эле жеңил сезилди. Анткени мен кыргыз-европа факультетинде окугандыктан испан тилиндеги чоң тексттерди жаттачубуз. Анан үйдө эле отуруп ырдап баракчама жүктөп койгом. Эртеси соцтармакта кызуу талкуланып жатканын көрүп жүрөгүм түшүп калды. Анан айттым, эхх… мындай болоорун билгенде сөзүн толук жаттап, жакшы даярданып чыкмакмын деп", — деди Арзыкеева.

Ал ошондой эле бул ырды мынчалык популярдуулукка жетерин күтпөгөнүн айтып, жакын адамынын суранычы менен гана интернет баракчасына жүктөгөнүн кошумчалады.

Толгонай Арзыкеева менен толук маекти Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0