12:20 21 Жетинин айы 2017
Түз эфир
Туризм департаментинин жетекчиси Азамат Жаманкуловдун архивдик сүрөтү
© Sputnik / Жоомарт Ураимов

Жаманкулов: тарыхый жайларда тейлөө кызматын жакшырталы деп жатабыз

Радио
Кыскача шилтеме алуу
20 0 0

Туризм департаментинин жетекчиси өлкөдөгү кооз, тарыхый жайлардын кадыр-баркын жогорлатуу үчүн алгач жакшы шарт түзүү керектигин баса белгиледи.

Өлкөдөгү мамлекеттик тарыхый жайларда тейлөө тармагын, тиешелүү шарттарды жакшырталы деп жатабыз. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине туризм департаментинин жетекчиси Азамат Жаманкулов билдирди.

Жаманкулов өлкөдө туризм тармагы жаңы гана өнүгө баштагандыктан тейлөө тармагы бир аз аксап жатканын бирок, жакынкы аралыкта жөнгө салынаарын билдирди.

"Кыргызстандын туризм тармагы азырынча жаш. Буга байланыштуу башка өлкөлөргө салыштырмалуу тейлөө тармагы бир аз артта. Бирок болжол менен беш жылдын ичинде бул тармакты бутка тургузабыз деген үмүт бар. Учурда мамлекеттик тарыхый жерлерди туристтерге ылайыктуу кылып тиешелүү шарттарды түзүүгө аракет кылып жатабыз. Ал эми мейманка, эс алуу жайларды курууну жеке секторлор ойлоно башташы керек. Ошондо гана бул жайларга эс алууга жеке туристтер эмес, өзүбүздүн жарандар көп бара баштайт", — деди Жаманкулов.

Ал ошондой эле өлкө ичинде эс алуу чет өлкөлөргө салыштырмалуу көп деле каражатты талап кылбай турганын баса белгилеп, болгону каалоо болуш керектигин кошумчалады.

Тема боюнча

Чет элдик туристтерди тосуудагы сегиз "болбойт"
Белгилер:
тейлөө, шарт, туризм, Азамат Жаманкулов, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ