Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абдраев: эхинококкоз илдети ит, мышыктан жугат

© Sputnik / Табылды КадырбековВетеринардык жана фитосанитардык маминспекциясынын малдын ден соолугун көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Мурат Абдраев маек учурунда
Ветеринардык жана фитосанитардык маминспекциясынын малдын ден соолугун көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Мурат Абдраев маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ветеринардык жана фитосанитардык маминспекциясынын малдын ден соолугун көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Мурат Абдраев илдетти алдын алуу үчүн гигиенаны сактоо зарыл экенин айтты.
Абдраев: эхинококкоз илдети ит, мышыктан жугат

Эхинококкоз илдети ит, мышыктан жугат. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык маминспекциясынын малдын ден соолугун көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Мурат Абдраев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган илдетке каршы жылына төрт жолу иттерге даары берип туруу керек.

"Эхинококкоз ылаңы гигиена талаптары аткарылбаганда көбүнчө ит, мышыктан жугат. Андыктан бир жылда төрт жолу дарылатып туруш керек. Аталган илдетке атайын дарылар бар. Ошолорду берсе болот", — деди Абдарев.

Дарыгер кутурмага каршы эмдөө иштерин да жүргүзүп туруу зарылдыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0