Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Букеев: Бишкекке шаардык филармония ачуу каралууда

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек мэриясынын маданият башкармалыгынын башчысы Мисиралы Букеев
Бишкек мэриясынын маданият башкармалыгынын башчысы Мисиралы Букеев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек мэриясынын маданият башкармалыгынын башчысы Мисиралы Букеев аталган демилге жакынкы күндөрү ишке ашып калаарын баса белгиледи.
Букеев: Бишкекке шаардык филармония ачуу каралууда

Борбор калаада шаардык филармония ачылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маданият башкармалыгынын башчысы Мисиралы Букеев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, шаардык филармония үчүнчү кичи районго ачылышы мүмкүн.

"Тарыхка саресеп салып көрсөк борбордун филармониясы жок экен. Анан өзүбүздүн ансамбль, топторубуз бар да. Алар Улуттук филармонияда эмгектенгендерден калышпайт. Шаардык филармонияны ачуу демилгесин жетекчилик жактырып, үчүнчү кичи райондо "Жаштык" борборунун маданият үйүн шаардык филармония кылуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө", — деди Букеев.

Ал учурда архитекторлор имараттын архитектурасын чийип бүтүп калышканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0