Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жаманкулов: Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан кийин туристтердин катары калыңдады

© Sputnik / Табылды КадырбековТуризм департаментинин жетекчиси Азамат Жаманкуловдун архивдик сүрөтү
Туризм департаментинин жетекчиси Азамат Жаманкуловдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Туризм департаментинин жетекчиси Азамат Жаманкулов көчмөндөр оюндарынан кийин Европа, Араб өлкөлөрүнөн келген туристтердин саны көбөйгөнүн билдирди.
Жаманкулов: Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан кийин туристтердин катары калыңдады

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан кийин туристтердин катары калыңдады. Бул тууралуу Туризм департаментинин жетекчиси Азамат Жаманкулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, көчмөндөр оюндарынан кийин Европа, Араб өлкөлөрүнөн келген туристтердин саны көбөйүүдө.

"Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын таасири абдан чоң. Анткени бизге келип жаткан туристтерден сурамжылоо жүргүзгөнүбүздө көпчүлүгү Кыргызстанды көчмөндөр оюндары аркылуу билип, туристтик потенциалын көрүп анан келип жатышканын айтышууда. Европа, Араб өлкөлөрүнөн келген туристтер көбөйдү", — деди Жаманкулов.

Ал Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары бир топ өлкөлөргө чагылдырылган соң, Түштүк Азия өлкөлөрүнөн туристтер келип жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0