Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сариев: президенттикке талапкерлердин көптүгүнөн чочулоонун кереги жок

© Sputnik / Табылды КадырбековБШКнын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев маек учурунда
БШКнын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
БШКнын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев учурда катталгандардын баары эле аягына чыгат деген ойго кошулбайт
Сариев: президенттикке талапкерлердин көптүгүнөн чочулоонун кереги жок

Президенттикке талапкерлердин көптүгүнөн чочулоонун кереги жок. Бул тууралуу БШКнын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда катталгандардын баары эле аягына чейин чыкпай калышы мүмкүн.

"Арыз бергендердин баары тең аягына чыгат деп эч ким кепилдик бербейт. Андыктан чочулоонун кереги жок. БШК арыз бергендерди эле алып жатат, негизи бардык талаптардан өтүп, расмий каттоо бүткөндөн кийин анан талапкер деп атасак туура болот", — деди Сариев.

Эске сала кетсек, учурда БШК президенттикке талапкерлерди каттоону жүргүзүүдө. Учурда алардын саны 18ге жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0