Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ибраимов: жер алдындагы өтмөктөн заарага толгон үч машина бөтөлкө табылды

© Sputnik / Данияр СандыбаевЗаместитель начальника Управления капитального строительства мэрии Бишкека Койчугул Ибраимов
Заместитель начальника Управления капитального строительства мэрии Бишкека Койчугул Ибраимов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Филармониянын жанындагы жер алдындагы өтмөккө иштеп жүргөндөрдүн бири беш жылдан бери желим бөтөлкөгө заара ушатып, аны түштүк-чыгыш тарабындагы тепкичтин алдына жыя берген.
Ибраимов: жер алдындагы өтмөктөн заарага толгон үч машина бөтөлкө табылды

Борбор калаадагы жер алдындагы өтмөктү оңдоо иштери учурунда курулушчулар тепкичтердин алдынан бөтөлкөгө ушатылган үч машина заара ташып чыгышканы тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине мэриянын Капиталдык курулуш боюнча башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Койчугул Ибраимов билдирди.

"Биз жер алдындагы өтмөккө суу кирип жатканынан улам оңдоого барганбыз. Ошол жерден заарага толтурулган бөтөлкөлөр табылды. Бул бир эле эмес, бир канча кишинин кылыгы болушу мүмкүн", — деди Ибраимов.

Анын айтымында, аталган жайга ажаткана куруу маселеси каралып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0