Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Арстанкулов: борборлошкон лабораториялар курулат

© Sputnik / Жоомарт УраимовНачальник одного из отделов Министерства здравоохранения Талант Арстанкулов
Начальник одного из отделов Министерства здравоохранения Талант Арстанкулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардамды уюштуруу башкармалыгынын башкы адиси Талантбек Арстанкулов лабораториялар жеке менчик өнөктөштөр менен куруларын баса белгиледи.
Арстанкулов: борборлошкон лабораториялар курулат

Борборлошкон лабораториялар курулат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардамды уюштуруу башкармалыгынын башкы адиси Талантбек Арстанкулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, лабораторияларга суроо-талаптын канчалык экендиги боюнча маалымат чогултулган.

"Саламаттык сактоо министрлиги жеке менчик өнөктөштөр менен биргеликте борборлошкон лаборатория долбоорун ишке ашырууда. Анын алкагында канча борбор курулушу керектиги боюнча иликтөө жүргүзүлүп, буюрса керектүү маалыматтар даяр болду", — деди Арстанкулов.

Ал аталган долбоордун аркасы менен сапаттуу кызмат көрсөтө турган лабораториялык борборлор ишке кирерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0