Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Шерипова: аптаптуу ысык кан басымы туруксуздарга таасирин тийгизиши мүмкүн

© Sputnik / Жоомарт УраимовИсполняющая обязанности начальника пресс-службы МЧС КР Эльмира Шерипова
Исполняющая обязанности начальника пресс-службы МЧС КР Эльмира Шерипова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызгидромет агенттигине таянуу менен шашылыш билдирүү таратты
Шерипова: аптаптуу ысык кан басымы туруксуздарга таасирин тийгизиши мүмкүн

Үстүбүздөгү жылдын 7-9-июлдарында кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайы күтүлөт. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан радиосуна ӨКМдин маалымат катчысы Элмира Шерипова билдирди.

"Аба ырайынын мындай ченемден тыш ысык учурунда денени күйгүзүп, ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күн тийген жерде көпкө жүрбөөнү эскертебиз. Ысык аба ырайы кан басымы туруксуз адамдарга дагы таасирин тийгизиши мүмкүн. Мындан сырткары, айыл чарба өсүмдүктөрүн маал-маалы менен сугаруу сунуш кылынат", — деди Шерипова.

Белгилей кетсек, Кыргызгидрометтин билдирүүсүнө ылайык Кыргызстанда акыркы жолу мындай аба ырайы 1983-жылы катталып, күндүн ысыгы 43 градуска чейин жеткен. Ал эми 2013-жылы Жалал-Абад облусунда жети күн бою күндүн ысыгы 42 градустан түшпөй койгон.

Ысыктан сактануунун жолдорун Sputnik Кыргызстандын материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0