Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Балтабаев: контейнерден куралган үйдү жайлоого көчүрүп кетсе дагы болот

© Фото / Данияр ДжаркынбаевЖитель Баткенской области Ибрагим Балтабаев
Житель Баткенской области Ибрагим Балтабаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда акыркы он жыл ичинде курулуш иштерине жүк ташуучу контейнерлер кеңири колдонула баштады. Андан үй, дүкөн, чайкана, мечит, бассейн курулуп, жадакалса муздаткыч дагы жасалууда.
Балтабаев: контейнерден куралган үйдү жайлоого көчүрүп кетсе дагы болот

Жаратылыш кырсыктары көп катталган аймактарга контейнерден салынган жана куралган мобилдик үйлөр ыңгайлуу болмок деген пикир Баткен облусунун тургуну Ибрагим Балтабаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

"Мен Россияда иштеп жүргөндө контейнерден курулган үйлөрдү абдан ыңгайлуу экенин байкагам. Ошондо мындай турак-жайды Кыргызстанда дагы пайдалануу керектигине көзүм жеткен. Мисалы мобилдик үй курап койсок, аны кадимки боз үй сыяктуу эле жайлоого көчүрүп кетүүгө дагы болот. Мен быйыл өзүмө темирден үй курдурдум. Мага кышкысын жылуулукту жакшы кармаганы жакты", — деди Балтабаев.

Анын айтымында, 2016-жылы Кызыл-Кыя шаарына салган темир үйгө жалпысынан 2 миллион сом каражат жумшаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0