Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Макешов: кыргыз спорт журналисттери окуяны үстүртөн чагылдырып жатышат

© Sputnik / Жоомарт УраимовСпортивный журналист Кабыл Макешов
Спортивный журналист Кабыл Макешов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул туурасында кыргыз спорт журналистии Кабыл Макешов Sputnik Кыргызстан агенттигине интервью берип жатып билдирди.
Макешов: кыргыз спорт журналисттери окуяны үстүртөн чагылдырып жатышат

Ал учурдагы спорт темасын жазган жаш журналисттеринин кесипкөйлүгүнө токтолду.

Макешовдун айтымында, спорт журналисттеринин кемчилиги спортту үстүртөн эле чагылдырып берип жатышкандыгында. Кыргызстанда чет өлкөгө салыштырмалуу спорт журналисттерин даярдаган атайын факультет, адистик жок.

"Спортту түшүнгөн, анализ кыла билген, көйгөйлөрүн чагылдырган, дүйнөлүк спорттун алдыңкы тажрыйбаларын ачып берген адистер чыкса жакшы болмок. Куш кабар же репортаж даярдай коюп, өзүн спорт журналисти сезгендер көп. Спорт абдан кенен түшүнүк", — дейт Макешов.

Учурда Макешов спорт журналистикасына кызыккан балдарга окуу жайдан акысыз лекция окуп, багыт берип турарын кошумчалады.

Спорт журналисти Кабыл Макешов менен толук маекти Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0