Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Эшенбаев: активдүүлүктү көчөт отургузуу менен көрсөтсөк жакшы болмок

© Sputnik / Табылды КадырбековНачальник Управления капитального строительства мэрии Бишкека Нурлан Эшенбаев
Начальник Управления капитального строительства мэрии Бишкека Нурлан Эшенбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы дарактар мыйзамсыз кыйылып жатат деген туура эмес экенин баса белгиледи.
Эшенбаев: активдүүлүктү көчөт отургузуу менен көрсөтсөк жакшы болмок

Активдүүлүктү көчөт отургузууда көрсөтүү керек. Бул тууралуу Бишкек шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Нурлан Эшенбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жол реконструкциясы үчүн кыйылган дарактардын ордуна 8 миңден ашуун көчөт тигилет.

"Учурда жарандарда күчтүү каалоо болгон күндө да өз алдынча жол салып, аны асфальттай албайт. Буга көп каражат керек. Бирок ар бир адам көчөт отургуза алат. Андыктан жол салуу үчүн дарактардын кыйылышына каршы чыгып жаткан жарандарды активдүүлүгүн дарак тигүүдө көрсөтүүгө чакырам", — деди Эшенбаев.

Ал шаар боюнча 31 жолдо ремонт иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Эскерте кетсек, буга чейин жолдорду оңдоо жана кеңейтүү максатында бак-дарактар кыйылып, ага шаардын айрым тургундары каршы чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0