Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Нарматова: депутаттардын 70 пайызы аял, 30 пайызы эркектер болушу керек

© Sputnik / Жоомарт УраимовЭкс-депутат Надира Нарматова маек учурунда
Экс-депутат Надира Нарматова маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экс-депутат Надира Нарматова парламентте аялдар көпчүлүктү түзгөндө гана өлкөдө алдыга жылуу болорун баса белгиледи.
Нарматова: депутаттардын 70 пайызы аял, 30 пайызы эркектер болушу керек

Жогорку Кеңештеги эл өкүлдөрүнүн 70 пайызы аял, 30 пайызы эркектер болушу керек. Бул тууралуу экс-депутат Надира Нарматова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, парламентте аялдар көпчүлүктү түзгөндө гана өлкөдө алдыга жылуу болот.

"Конституцияда так көрсөтүлгөн. Парламентте же аялдар же эркектер көпчүлүктүн 30 пайызын түзүшү керек. Ал эми бизде эркектер көпчүлүк болуп, 30 пайыз азчылыкты аялдарга таңуулап койгон. Негизи аялдар 70 пайыз болуп, 30 пайызы эркектер болсо туура болмок", — деди Нарматова.

Экс-депутат аялдар социалдык маселелерди жүрөгү менен өткөрсө, эркектер үстүртөн гана карап коет деген ойдо.

Жаңылыктар түрмөгү
0