Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кулбураков: көрүстөндү көчүрүүдө коопсуздук тартиби толук сакталууда

© Sputnik / Талгат Бакиев"Каскат" ишканасынын жетекчиси Жайлообек Кулбураков
Каскат ишканасынын жетекчиси Жайлообек Кулбураков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Cузак районуна караштуу Акчалуу айылындагы көрүстөндү суу жеп жаткандыктан, андагы сөөктөр коопсуз жерге көчүрүлүп жатат.
Кулбураков: көрүстөндү көчүрүүдө коопсуздук тартиби толук сакталууда

Аталган көрүстөндөгү сөөктөрдү көчүрүүдө бардык коопсуздук техникасы сакталып жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына мүрзөлөрдүн ордун которууну өз мойнуна алган "Каскат" ишканасынын жетекчиси Жайлообек Кулбураков билдирди.

"Сөөктөрдү санитардык эпидемиялык станциянын коюп берген шарттары менен көчүрүп жатабыз. Ар бир кызматкер атайын кийим, бет кап, кол каптар менен камсыз болгон. Тамактанаар алдында сөзсүз жуунушат. Көзөмөл абдан тыкыр жүргүзүлүп жатат", — деди Кулбураков.

Маалыматка караганда, ал жерге көмүлгөн 2 миңдей сөөктүн 715и башка жерге которулду.

Эки бөлүнгөн сайдын ортосунда жайгашкан мүрзөлөр сууга жуулуп кетип жаткандыктан, айыл эли көрүстөндүн ордун которуп берүү суранычы менен 2016-жылы ӨКМге кайрылган. Толугу менен Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан таанышыңыз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0