Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абдылдаева: мектептер ата-энелердин жардамына муктаж

© Фото / пресс-служба Минобрнауки КРБилим берүү жана илим министрлигинин жетектөөчү адиси Гүлшан Абдылдаева
Билим берүү жана илим министрлигинин жетектөөчү адиси Гүлшан Абдылдаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыйзам боюнча 1-класска жаңы кирип жаткан же мектеп которгон окуучулардын ата-энелеринен акча талап кылган мектеп директорлору жоопко тартылат.
Абдылдаева: мектептер ата-энелердин жардамына муктаж

Бишкек мэриясы Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте мектептерде ата-энелерден ыктыярдуу төлөм алууга тыюу салуу боюнча иштеп чыккан документте 1-класска кабыл алынып жана мектеп которуп жаткандар тууралуу сөз болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигине Билим берүү жана илим министрлигинин жетектөөчү адиси Гүлшан Абдылдаева билдирди.

"Мектепке жаңы кирип жаткан окуучунун ата-энесинен жардам иретинде акча алууга тыюу салуунун негизги максаты — мектеп жашына жеткен бардык балдарды окууга тартуу. Анткени бир дагы баланын мектепке киришине ата-эне, мектеп жана башка органдар барабынан моралдык дагы, материалдык дагы тоскоолдук болбошу керек. Ал эми башка жагдайда мектепке өз каалоосу менен кол кабыш кылган ата-энелердин жардамынан баш тартпайбыз. Мектеп аларга муктаж", — деди Абдылдаева.

Абдылдаеванын айтымында, баланы окууга кабыл алууда мектеп директору акча талап кылса, ата-энелер Бишкек мэриясына, Билим берүү министрлигине жана укук коргоо органдарына арыз менен кайрылууга укуктуу.

Жаңылыктар түрмөгү
0