Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Дүйшеев: эс учун жоготкон адамдын көкүрөгүн тез-тез басууга болбойт

© SputnikКызыл ай коомунун адиси Замир Дүйшеев маек учурунда
Кызыл ай коомунун адиси Замир Дүйшеев маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Замир Дүйшеев эсин жоготкон адамдын көкүрөгүн мүнөтүнө 100, 120 ирет басуу жетиштүү экенин айтты.
Дүйшеев: эс учун жоготкон адамдын көкүрөгүн тез-тез басууга болбойт

Эс учун жоготкон адамдын көкүрөгүн тез-тез басууга болбойт. Бул тууралуу Кызыл ай коомунун адиси Замир Дүйшеев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, эс учун жоготкон адамдын көкүрөгүнүн сол тарабын эмес, ортосун басуу зарыл.

"Негизи жүрөк көкүрөктүн ортосунда жайгашкан. Уч жагы сол жакты карап турат. Ошондуктан дем албай калганда колду кайчылаштырып туруп, көкүрөктү басуу керек. Басканда да сак болуп, мүнөтүнө 100, 120 жолуу басуу керек", — деди Дүйшеев.

Адис көкүрөктү секундасына эки жолу гана басуу керектигин, андан ашырса болбой тургандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0