Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Дүйшөбаев: алгач медициналык биринчи жардам көрсөтүүнүн ыкмасын үйрөнүү керек

© SputnikБиринчи жардам көрсөтүү боюнча машыктыруучу Бекболот Дүйшөбаев маек учурунда
Биринчи жардам көрсөтүү боюнча машыктыруучу Бекболот Дүйшөбаев маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Машыктыруучу Бекболот Дүйшөбаев жардам көрсөтүүдө артык кылам деп, тыртык кылуудан сак болууга үндөйт.
Дүйшөбаев: алгач медициналык биринчи жардам көрсөтүүнүн ыкмасын үйрөнүү керек

Алгач медициналык биринчи жардам көрсөтүүнүн ыкмасын үйрөнүү керек. Бул тууралуу тренер Бекболот Дүйшөбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жардам берем деп зыян тийгизип алуудан сак болуу керек.

"Биринчи медициналык жардамды баары эле көрсөтсө болот. Бирок артык кылам деп тыртык кылып албаш керек. Эң башкысы туура жардам бергенди үйрөнүү зарыл. Мисалы жол кырсыгында жабыркаган адамдын омуртка сөөктөрү жабыркаса ага өтө кылдат мамиле кылуу керек. Эгер туура эмес отургузса зыян келет", — деди Бекболот Дүйшөбаев.

Ал сууга чөгүп жаткан адамга жардам берүүдө дароо сууга секирбеш керек экендигин, эң биринчи өзүнүн коопсуздугун унутпоо зарылдыгын эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0