Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Казаков: "Ак-Кеменин" жетекчилигине март айынын бери 12 жолу эскертүү жиберилген

© Фото / пресс-служба госагентства антимонопольного регулирования КРМамлекеттик мүлк фондусунун төрагасы Болсунбек Казаковдун архивдик сүрөтү
Мамлекеттик мүлк фондусунун төрагасы Болсунбек Казаковдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик мүлк фондусу "Ак кеменин" жетекчилигине аны өткөрүп берүү үчүн март айынан бери 12 ирет эскертүү жөнөткөн.
Казаков: "Ак-Кеменин" жетекчилигине март айынын бери 12 жолу эскертүү жиберилген

Өкмөттүн буйругунун негизинде "Ак-Кеме" мейманканасы мамлекеттин карамагына өткөрүлгөндүгүн Sputnik Кыргызстанга Мамлекеттик мүлк фондусунун төрагасы Болсунбек Казаков билдирди.

Анын айтымында, отель 452 миллион сом мамлекетке карыз деп сот чечими чыгарып, ошонун негизинде мамлекеттин үлүшүнө өттү.

"Ак-Кеме" мейманканасы менен Финансы министрлигинин ортосунда 2012-жылы сот иштери болгон. Анда 452 миллион сом мамлекетке карыз деген соттун чечими чыккан. Карызды өндүрүү максатында бир нече аукцион уюштурулган, бирок эч кандай жыйынтык бербегендиктен мамлекеттин үлүшүнө алуу боюнча өкмөткө кайрылуу болгон. Ага ылайык, өкмөттүн буйругу чыккан", — деди Казаков.

Ошондой эле ал аталган фонду ушул жылдын март айынан бери мейманкананын жетекчилигине аны мамлекетке өткөрүп берүү боюнча 12 жолу эскертүү берилгендигин кошумчалады.

Эскерте кетсек, 22-июнь күнү таңкы саат алтылар чамасында "Ак-Кеме" мейманканасы күч түзүмдөрү тарабынан курчоого алынган. Анда мейманкананын президенти Руслан Сарымсаков мамлекеттик органдардын аракетин мыйзамсыз деп айтып, нааразычылыгын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0