04:13 23 Жетинин айы 2017
Түз эфир
Юрист Талант Солтобековдун архивдик сүрөтү
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Солтобеков: айылдагы мал доктурлар мамлекеттен айлык албай иштешет

Радио
Кыскача шилтеме алуу
1201

Юрист Талант Солтобеков жеке ветеринарлар элге көрсөткөн кызматы аркылуу пайда таба турганын баса белгиледи.

Айылдарда иш алып барган мал доктурлар мамлекеттен айлык албай иштешет. Бул тууралуу юрист, жайыттар боюнча мыйзамдын авторлорунун бири Талантбек Солтобеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Эске сала кетсек, аймактарда жеке мал доктурларды ишке тартуу боюнча мыйзам кабыл алынып, күчүнө кирди.

"Аймактардын мал доктурларды каржылоого чамасы келбегендиктен жеке ветеринарларды киргизип жатабыз. Алар мамлекеттен бир тыйын да албай иштешет. Адистер акчаны элге көрсөткөн кызматы аркылуу табышат", — деди Солтобеков.

Ал райондордо 5-6дан гана мал доктур иштегендиктен айылдардагы мал жакшы каралбай жатканын кошумчалады.

Белгилер:
мыйзам, мал доктур
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ