20:39 20 Аяк оона 2017
Түз эфир
Муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаевдин архивдик сүрөтү
© Фото / пресс-служба ДУМК КР

Атабаев: кадыр түндө өлкөнүн бардык мечиттеринде баяндар айтылат

Радио
Кыскача шилтеме алуу
65 0 0

Муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев кадыр түн быйыл 21-июндан 22-июнга караган түнү болорун баса белгиледи.

Кадыр түндө өлкөнүн бардык мечиттеринде баяндар айтылат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан радиосуна муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев билдирди.

Ал аталган түндү туура өткөрүү маанилүү экенин баса белгиледи.

"Кадыр түндө өлкөнүн бардык мечиттеринде баяндар айтылып, лекциялар окулат. Андыктан жарандар бул түндү мечиттен өткөрсө болот. Негизи бул түндө дуба кылып, шарият көрсөткөндөй өткөрүү керек", — деди Атабаев.

Ал кадыр түн быйыл 21-июндан 22-июнга караган түнү болорун кошумчалады.

Тема боюнча

Муфтият кадыр түн качан болорун айтты
Белгилер:
Кадыр түн, Максат Атабаев

ЭҢ МААНИЛҮҮ