23:39 17 Жетинин айы 2017
Түз эфир
Тамак-аш жана азык-түлүк коопсуздугун жакшыртуу үчүн жарандык альянсы бирикмесинин катчысы Калида Аманова
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Аманова: чай ашказандагы тамакты эритпей эле жууп кетет

Радио
Кыскача шилтеме алуу
14301

"Тамак-аш жана азык-түлүк коопсуздугун жакшыртуу үчүн жарандык альянсы" бирикмесинин катчысы Калида Аманова тамактануу учурунда чайдын ордуна суу ичүү жакшыраак экенин баса белгиледи.

Чай ашказандагы тамакты эритпей эле жууп кетет. Бул тууралуу "Тамак-аш жана азык-түлүк коопсуздугун жакшыртуу үчүн жарандык альянсы" бирикмесинин катчысы Калида Аманова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, туура тамактануу ден соолук үчүн өтө маанилүү.

"Айылдарда жумуртка, сүт, каймактарды сатып, өзүбүз карандай чай жана нан менен түштөнөбүз. Чай ошол нанды жакшы эритпей эле жууп кетет. Андыктан чайды жок эле дегенде бир сааттан кийин ичиш керек", — деди Аманова.

Ал чайдын ордуна суу ичүү жакшыраак экенин кошумчалады.

Тема боюнча

Окумуштуулар чайдын аялдарга тийгизген пайдасын аныкташты
Белгилер:
тамактануу, чай, Суу
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ