Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Өмүркулов: Россия жарандарын каттоо шартын жоюу керек

© Sputnik / Жоомарт УраимовКСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун архивдик сүрөтү
КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов өнөктөш мамлекеттер менен мамиле жакшы болушу керек экендигин баса белгиледи.
Өмүркулов: Россия жарандарын каттоо шартын жоюу керек

Россия жарандарын каттоону алып салуу керек. Бул тууралуу КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов парламентте ар кандай маселелер каралып жатканда билдирди.

Анын айтымында, учурда мыйзам боюнча Кыргызстанга келген Россия жарандары 30 күндүн ичинде катталышы керек.

"Буга чейинки өкмөттүн токтомунда чет өлкөлүк жарандарды каттоо тартиби жазылган. Ага ылайык, Россия жарандарын каттоо 30 күнгө кыскарган. Биздин мамлекет бул маселени жөнөкөйлөтүп, мөөнөтүн узартуу керек. Мүмкүн болсо аларды каттоо шартын жоюу зарыл. Анткени мындай кадам менен мигранттарыбыздын мекенине келишине бөгөт коюп жатабыз", — деди Өмүркулов.

Эл өкүлү өнөктөш мамлекеттер менен мамиле жакшы болушу керек экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0