Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Примов: жер титирөөдөн жапа чеккендерге чогулган акчаны эртерээк таратуу зарыл

© Sputnik / Табылды КадырбековКСДП фракциясынын депутаты Улан Примовдун архивдик сүрөтү
КСДП фракциясынын депутаты Улан Примовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КСДП фракциясынын депутаты Улан Примов аталган аймакка эки айдан кийин кыш келерин кошумчалады.
Примов: жер титирөөдөн жапа чеккендерге чогулган акчаны эртерээк таратуу зарыл

Жер титирөөдөн жапа чеккендерге чогулган каражатты эртерээк таркатуу керек. Бул тууралуу КСДП фракциясынын депутаты Улан Примов парламентте ар кандай маселелер каралып жатканда билдирди.

Анын айтымында, чогулган каражатты таркатуу боюнча процесстерди болушунча эрте бүтүрүү зарыл.

"Чоң-Алайдагы зилзаладан жабыркагандарга деп атайын эсеп ачылган. Ал эсепке элден каражат чогулууда. Ошол каражат качан жана кандай тартипте элге таратылат? Ушул боюнча маалымат берүү керек. Анткени эл бизге кайрылып жатат", — деди Примов.

Эл өкүлү Чоң-Алайга эки айдан кийин кыш түшөрүн айтып, маселени эртерээк чечүү керек экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0