Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Шамшидинов: 30 жолу кан бергендер "Ардактуу донор" төш белгиси менен сыйланат

© Sputnik / Зульфия ТургуноваОш облустук кан борборунун директору Осмонакун Шамшидинов
Ош облустук кан борборунун директору Осмонакун Шамшидинов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кан тапшыргандардын саны азайып, адистер жарандарды донор болууга чакырууда
Шамшидинов: 30 жолу кан бергендер "Ардактуу донор" төш белгиси менен сыйланат

Кыргызстанда соңку жылдары кан тапшыргандардын саны кыскарып кетти. Бул туурасында Ош облустук кан борборунун директору Осмонакун Шамшидинов маалымат жыйында билдирди.

Мындан улам адистер ден соолугу чың жана мүмкүнчүлүгү бар жарандарды кан тапшырууга чакырат.

"Жылына эки айлык аралык менен эркектер беш, аялдар төрт жолу кан тапшырууга болот. Алардын жашы 18ден 60 жашка чейин болууга тийиш. Ал эми 30дан көп жолу кан бергендерге "Ардактуу донор" төш белгиси ыйгарылат", — деди Шамшидинов.

Ошондой эле ал учурда Ош облусу боюнча "Ардактуу донор" төш белгиси менен сыйлангандардын саны 50дөн ашарын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0