Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бекешев: айрым курулуш компаниялары акча алып, үй курбай качып жүрүшөт

© Sputnik / Табылды КадырбековКСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешевдин архивдик сүрөтү
КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев маселеге өкмөт аралашуусу керек экенин баса белгиледи.
Бекешев: айрым курулуш компаниялары акча алып, үй курбай качып жүрүшөт

Айрым курулуш компаниялар 100 пайыз акча алып, үй курбай качып жүрүшөт. Бул тууралуу КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, жарандардын көйгөйүн чечүү үчүн жаңы мыйзам кабыл алуу керек.

"Мамлекеттик курулуш агенттиги же өкмөт үлүш курулушу боюнча мыйзам алып келсе туура болмок. Анткени бул абдан актуалдуу маселе болуп турат. Кээ бир курулуш компаниялары 100 пайыз акчаны алып, үй курбай качып жүрүшөт", — деди Бекешев.

Эл өкүлү өкмөт аталган маселени жөнгө салуу керек экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0