Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Касымбеков: мамлекеттик ыйгарым укуктар жеке мал доктурларга өткөрүп берилет

© Sputnik / Табылды КадырбековАйыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин адиси Жолдошбек Касымбеков
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин адиси Жолдошбек Касымбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин ветеринария багыты боюнча айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн адиси Жолдошбек Касымбеков жеке мал доктурларды мамлекеттик ветеринарлар көзөмөлдөп турарын баса белгиледи.
Касымбеков: мамлекеттик ыйгарым укуктар жеке мал доктурларга өткөрүп берилет

Мамлекеттик ыйгарым укуктар жеке мал доктурларга өткөрүп берилет. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин адиси Жолдошбек Касымбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ветеринарияга жеке мал доктурларды тартууну камтыган мыйзамга президент кол коюп, ал жакынкы күндөрү күчүнө кирет.

"Мамлекеттик ыйгарым укуктар жеке мал доктурларга өткөрүп берилип, атайын аймактар бөлүштүрүлөт. Ошол аймактар боюнча ишмердүүлүгүн жүргүзүп, көрсөткөн кызматы үчүн элден акча алат", — деди Касымбеков.

Ал жеке мал доктурлардын ишмердүүлүгүн мамлекеттик ветеринарлар көзөмөлдөп турарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0