Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Капалбаев: улуттун сакталышына үй-бүлөнүн мааниси чоң

© Sputnik / Табылды КадырбековЭтнограф, кандидат исторических наук, доцент Октябрь Капалбаев
Этнограф, кандидат исторических наук, доцент Октябрь Капалбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Этнограф жаш жубайлардын алгач ата-энеси менен чогуу жашаганы туура деп эсептейт.
Капалбаев: улуттун сакталышына үй-бүлөнүн мааниси чоң

Кыргызстанда байыртадан эле күнүмдүк турмуштан келип чыккан институттар жакшы иштеп, үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү өзүнүн ордун, милдетин так билген. Бул тууралуу этнограф Октябрь Капалбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, илгери ажырашып, бала-чакасын кордоп коюу деген түшүнүк болгон эмес. Ал эми улуттун учугу уланып келишине аял кишинин таасири чоң.

"Жаңы турмуш курганда кыз тарап кудалардын баш терисин байкайлы деп өзүнө жаккан адамды өкүл ата шайлаган. Өкүл ата дайыма калыс сөзүн айтып турган. Ажырашуунун себеби аз болгон. Анткени жаш бүлө ата-энелери менен кеминде бир жыл чогуу жашаган. Бул учура келин кайын журтун толук таанып, кимге кандай мамиле кылыш экендигин үйрөнгөн. Бир жылдан кийин ата-эне жер төшөгүн, эт төшөгүн кошуп туруп эки жашты бөлүп койгон", — деди этнограф.

Кыргызстандагы акыркы жылдар ичинде ажырашкандардын саны жана үй-бүлөлүк чырга эмне себеп экенин Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан кеңири таанышсаңыз болот

Жаңылыктар түрмөгү
0