Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Термечикова: коомдо кайнененин образы терс сыпатталбашы керек

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Данакер" үй-бүлөнү бекемдөө борборунун психологу Чынара Термечикова маек учурунда
Данакер үй-бүлөнү бекемдөө борборунун психологу Чынара Термечикова маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2016-жылы Кыргызстанда 49 миң жуптун никеси расмий каттоодон өтсө, 9 миңден ашуун үй-бүлөнүн очогу бузулган.
Термечикова: коомдо кайнененин образы терс сыпатталбашы керек

Турмушка аттанган же эми чыга турган кызды көбүнчө кайнене менен коркутушат. Бул туура эмес, коомдо кайнененин образы терс сыпатталбашы керек. Мындай пикирин "Данакер" үй-бүлөнү бекемдөө борборунун психологу Чынара Термечикова Sputnik Кыргызстан агенттигине маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, акыркы мезгилде жаштар анча даярдыгы жок турмуш кура башташты.

"Келин менен кайненин ортосундагы пикир келишпестик күнүмдүк оокат-кечеден келип чыгат. Кайнене өз талаптарын коет, келин көнгөнүн жасайт. "Алдаса болот жаш башты" дегендей, кайнене келген келинди өз кызындай, келин кайненесин өз энесиндей кабыл алган туура. Айрым жаштар экономикалык себептер менен ата-энесинин колунда жашап калышат. Келин жолдошун сыйлап, туугандарына чын жүрөктөн мамиле жасаганды үйрөнүшү керек. Биз психологго кайрылуу маданиятын өстүрүшүбүз зарыл. Адам жалгыз көп нерсени чече албайт",  — деген оюн айтты психолог.

Акыркы алты жылдагы ажырашуулардын саны жана алардын себептери тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан кеңири окусаңыз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0