Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Раев: Москвага алгач келгенде көчө шыпыргыч болуп иштегем

© Фото / Александр БлинскийТНТда көрсөтүлгөн "Интерны", "Универ", "Саша Таня", "Бородач" сериалдарын тарткан операторлор тобунда иштеген кыргыз жигит Эмил Раев
ТНТда көрсөтүлгөн Интерны, Универ, Саша Таня, Бородач сериалдарын тарткан операторлор тобунда иштеген кыргыз жигит Эмил Раев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ТНТда көрсөтүлгөн "Интерны", "Универ", "Саша Таня", "Бородач" сериалдарын тарткан операторлор тобунда иштеген кыргыз жигит Эмил Раев учурда телеканалдагы алдыңкы операторлордун катарында.
Раев: Москвага алгач келгенде көчө шыпыргыч болуп иштегем

Оператор россиялык кесиптештери менен Кыргызстанда тасма туртууну максат кылууда. Бул тууралуу Эмил Раев өзү Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

"Учурда ТНТ каналындагы жаштар сериалдарынын жаңы сезондорун тартып жатабыз. Буюрса жакынкы келечекте Кыргызстанда дагы тасмаларды тартууга салым кошом деп ишенем. Бул боюнча кесиптештерим менен дагы сүйлөшүп калам", — деди Раев.

Өзүнүн айтымында, ал Россияга барган алгачкы жылдары кара жумуштарда иштеген.

Ошондой эле азыркы иштеп жаткан жерине дагы пол жуугуч иретинде кирип, кийинчерээк чыгармачыл топко аралашкан.

Россияга барып, ордун тапкан кыргызстандык өнөрпоздор тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окусаңыз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0