Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бечелов: Кара-Сууда адамды койдурган айдоочу кармалды

© Фото / Зульфия ТургуноваОш ОИИБдин Кайгуул милиция башкармалыгынын маалымат катчысы Айбек Бечеловдун архивдик сүрөтү
Ош ОИИБдин Кайгуул милиция башкармалыгынын маалымат катчысы Айбек Бечеловдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүүнү колго түшүрүүгө аталган айылдын тургуну, милициянын мурдагы кызматкери Жаныбек Азизов жардам берген
Бечелов: Кара-Сууда адамды койдурган айдоочу кармалды

Бишкек — Ош унаа жолунда адамды койдуруп изин жашырган киши кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин Кайгуул милиция башкармалыгынын маалымат катчысы Айбек Бечелов билдирди.

Анын айтымына караганда, кырсык 1-июнда түнкү саат 23.00дөр чамасында катталган.

"Бишкек — Ош унаа жолунун 649-чакырымындагы Каарман айылында 42 жаштагы кишини унаа койдуруп кеткен. Жабырлануучу алган жараатынан ошол жерде жан берип, айдоочу качып кеткен", — деди Бечелов.

Ал ошондой эле шектүүнү колго түшүрүүгө аталган айылдын тургуну, милициянын мурдагы кызматкери Жаныбек Азизов жардам бергенин белгиледи.

"Жаныбек Азизов жол кырсыкка өзү күбө болгон. Ал качып жөнөгөн айдоочунун артынан унаасы менен кууп токтоткон. Кийин Кайгуул милициясына окуя тууралуу кабар берип, 25 жаштагы шектүүнү кармоого көмөктөшкөн", — деди Бечелов.

Анын айтымында, унаа айып короого токтотулуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0