Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сариев: шайлоо датасынын шылтоосу менен көйгөйлүү жагдайлар ЖКдан өтүп кетти

© AP Photo / Alexander ZemlianichenkoЭкс-глава ЦИК Акылбек Сариев
Экс-глава ЦИК Акылбек Сариев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
БШКнын экс-төрагасы Акылбек Сариев президенттик шайлоонун качан өтөрү анчейин маанилүү эмес деген пикирде.
Сариев: шайлоо датасынын шылтоосу менен көйгөйлүү жагдайлар ЖКдан өтүп кетти

Президенттик шайлоонун датасынын шылтоосу менен көйгөйлүү жагдайлар Жогорку Кеңештен өтүп кетти. Бул тууралуу БШКнын экс-төрагасы Акылбек Сариев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, президенттик шайлоонун качан өтөрү анчейин маанилүү эмес. Анын арты менен үчүнчү окуудан өтүп кеткен нормалар маанилүү.

"Президенттик шайлоонун датасы анчалык деле маанилүү эмес. Мында датанын арты менен кызыкдар тараптар бир топ көйгөйлүү жагдайларды өткөрүп кетишти. Ошол эле шайлоодогу күрөөнү көтөрүү, парламенттик шайлоодогу босогону 9 пайызга жеткирүүнү айтсак болот", — деди Сариев.

Эске сала кетсек, ЖК президенттик шайлоону 15-октябрда өткөрүү демилгеси камтылган мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0