Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Момбеков: шайлоодогу байкоочулардын артында батыштын чайкоочулары турат

© Sputnik / Табылды КадырбековКСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбековдун архивдик сүрөтү
КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков шайлоонун датасы эмес, таза өткөнү маанилүү экенин баса белгиледи.
Момбеков: шайлоодогу байкоочулардын артында батыштын чайкоочулары турат

Шайлоодогу байкоочулардын артында батыштын чайкоочулары турат. Бул тууралуу КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков парламентте президенттик шайлоону 15-октябрда өткөрүү демилгеси камтылган мыйзам долбоору каралып жатканда билдирди.

Аталган мыйзам долбоору үчүнчү окууда жактырылды.

"Элге шайлоонун датасы менен мыйзамдын катасы кажет эмес, шайлоонун тазасы кажет. Тарыхта ушунусу эле калат. Биз байкоочулардын укугу басмырланып калыптыр деп жатабыз. Алардын артында батыштын бай чайкоочулары турат да", — деди Момбеков.

Эске сала кетсек, президент Алмазбек Атамбаев шайлоо 15-октябрда боло турганын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0