Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Рыскулова: кызы дарылардан рахат алып жүргөнүн апасы жыл өтүп байкаптыр

© Sputnik / Табылды КадырбековДеятельность кризисного центра "Сезим" в Бишкеке
Деятельность кризисного центра Сезим в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуучулар анын ичинде кыздар арасында дарылардан аралашма жасап алып, андан рахат алган учурлар каттала баштаганын Sputnik Кыргызстан агенттигине "Сезим" кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова айтып берди.
Рыскулова: кызы дарылардан рахат алып жүргөнүн апасы жыл өтүп байкаптыр

Ага ылайык, жакында эле алардын борборуна Бишкектеги мектептердин биринде 10-класста окуган кыздын апасы кайрылып, кызы курбулары менен бирге дарылардын аралашмасын колдонуп жүргөнүн айтып, жардам сурап кайрылган.

"Окуучулар өткөөл мезгилинде жаман нерсени бат эле кабыл алып, аны "мода" кылып алышат. Буга чейин мындай окуялар эркек балдар арасында катталганын уксак, эми кыздарга өтүптүр. Бизге кайрылган аял кызы бул жаман адат менен алектене баштаганын жыл өтүп гана байкаган. "Кызым сабакты жакшы окуган тартиптүү кыз эле азыр жүрүм-туруму кадимкидей өзгөрдү" деген эне айласы алты кетип бизден жардам сурады. Ата-энелерге айтаарым жумуш деп жүрө бербей балдарыңарды тез-тезден көзөмөлдөп, аларга жакшылап көз салгыла!", — деди Рыскулова.

Белгилүү болгондой учурда коомдук активисттер, Саламаттык сактоо министрлиги да дарыканаларда айрым дарыларды врачтын рецеби жок өспүрүмдөргө сатпоо боюнча түрдүү чараларды көрө баштады.

Дары аралашмасынан рахат алган өспүрүмдөр тууралуу толук маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0