Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Садыкова: 20 жыл мурун бүтүп кеткен окуучуларымдын белеги күтүүсүз болду

© Фото / Элдос АкылбековУчительница школы №25 Бурул Садыкова
Учительница школы №25 Бурул Садыкова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мугалимдердин эмгегин баалап, окуучуларды билим алууга шыктандырган 20 жылдыктар мектебин ойго келбеген белектер менен кубандырды.
Садыкова: 20 жыл мурун бүтүп кеткен окуучуларымдын белеги күтүүсүз болду

Алай районунун Каблан-Көл айылындагы №25 Эшкул Мурзаев атындагы мектептин 20 жыл мурунку бүтүрүүчүлөрү эң мыкты окуучу менен мугалимге Дубайга 10 күндүк эс алууга жолдомо алып берди. Бул маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине мугалим Бурул Садыкова өзү тастыктады.

"Мен 1989-жылдан бери ушул айылдагы мектепте жана айыл өкмөттө жетекчилик кызматтарды аркалап келгем. Соңку эки жылдан бери катардагы мугалим болуп иштеп келе жатам. Олимпиадага 9-11-кластардардан үч окуучу даярдагам. Алардын ичинен Медина Асан кызы облуска чейин барып экинчи орунду багындырган. 20 жылдыктардын мындай белеги окуучум экөөбүзгө тең күтүүсүз жерден кубаныч тартуулады. Эмгекти баалап, билимге көңүл бурганы үчүн ыраазычылыгымды билдирем", — деди Садыкова.

Демилгечи жаштар ага кошо райондук олимпиададан 1-орунду алган эки окуучуга ноутбук жана окуу жылынан тарта үлгүлүү 10 окуучуга ар чейрек сайын 500 сомдон стипендия чегерип туруу үчүн 20 миң сом бөлүп берген. Ал эми мектебине баасы 32 миң сомдук музыкалык аппаратура тапшырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0