Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мырзабаев: бүгүнкү күндө жоокерлердин курсагы ток

© Sputnik / Табылды КадырбековКургактагы аскер күчтөрүнүн кол башчысынын жардамчысы Таалайбек Мырзабаев
Кургактагы аскер күчтөрүнүн кол башчысынын жардамчысы Таалайбек Мырзабаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кургактагы аскер күчтөрүнүн кол башчысынын жардамчысы Таалайбек Мырзабаев учурда аскерге барууну каалагандардын саны көбөйүп жатканын баса белгиледи.
Мырзабаев: бүгүнкү күндө жоокерлердин курсагы ток

Бүгүнкү күндө жоокерлердин курсагы ток. Бул тууралуу Кургактагы аскер күчтөрүнүн кол башчысынын жардамчысы Таалайбек Мырзабаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кыргыз армиясында бир топ реформалар жасалууда.

"Мамлекет кандай болсо, армиясы да ошондой. Эгерде мамлекет бай болсо, армия да бай болот. Көз карандысыздык алган жылдары жоокерлер ач калып, кызматын таштап качкан учурлары болду. Анткен менен кечээ президентибиз айткандай реформа жүрүп, учурда жоокерлердин курсагы ток, жаткан жери бар", — деди Мырзабаев.

Ал учурда аскерге барууну каалагандардын саны көбөйүп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0