Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Элгондиев: кыйылган 2 миң дарактын ордуна 17 миң көчөт тигилет

© Фото / Максат Элебесов"Зеленстрой" ишканасынын директору Токтобек Элгондиев
Зеленстрой ишканасынын директору Токтобек Элгондиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Зеленстрой" ишканасынын директору Токтобек Элгондиев иликтөө учурунда жети миң бак кооптуу абалда экени аныкталганын баса белгиледи.
Элгондиев: кыйылган 2 миң дарактын ордуна 17 миң көчөт тигилет

Бишкекте кыйылган эки миң дарактын ордуна 17 миң көчөт тигилет. Бул тууралуу "Зеленстрой" ишканасынын директору Токтобек Элгондиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, быйыл өзгөчө сорттуу көчөттөргө басым жасалган.

"Бишкек шаарындагы бак-дарактар 1950-60-жылдары тигилген. Алар да тирүү организм. Андыктан биологиялык жактан алып караганда картайды десек болот. Өткөн жылы эки миң бакты кыйсак, ордуна жыл аягына чейин 17 миң көчөт тигебиз", — деди Элгондиев.

Ал иликтөө учурунда жети миң бак кооптуу абалда экени аныкталганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0