Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Исаков: Бишкектеги төрт парк жакшыртылат

© Sputnik / Максат ЭлебесовБишкек шаарынын вице-мэри Эркинбек Исаков
Бишкек шаарынын вице-мэри Эркинбек Исаков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаарынын вице-мэри Эркинбек Исаков паркты оңдоо үчүн учурда каражат бөлүнгөнүн баса белгиледи.
Исаков: Бишкектеги төрт парк жакшыртылат

Бишкек шаарындагы төрт парк ремонттолот. Бул тууралуу калаанын вице-мэри Эркинбек Исаков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, шаарды жашылдандыруу жана парктарды оңдоого 120 миллион сом бөлүнгөн.

"Бүгүнкү күндө мэрия тарабынан шаарды жашылдандыруу аракеттери көрүлүп, жыл башынан бери алты миң көчөт тигилди. Жыл аягына чейин 10 миңге жакын көчөт отургузууну пландап жатабыз. Мындан сырткары, калаадагы төрт парк жакшыртылат", — деди Исаков.

Вице-мэр каналдар, арыктар дагы тазаланып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0