Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сулайманкулов: үйүн камсыздандырган чоң-алайлыктар 5 млн. сом алышты

© Фото / Сабырбек Самидин уулуПресс-секретарь полпредства правительства Оша Жумамудун Сулайманкулов
Пресс-секретарь полпредства правительства Оша Жумамудун Сулайманкулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Зилзаладан жабыр тарткан Чоң-Алайдын тургундары үйүн кайрадан куруп алууга мүмкүнчүлүк алышты.
Сулайманкулов: үйүн камсыздандырган чоң-алайлыктар 5 млн. сомдон алышты

Чоң-Алай районунда камсыздандыруудан өткөн турак жай ээлерине акча тапшырылды - Sputnik Кыргызстан
Чоң-Алайда камсыздандырылган турак жай ээлерине акча берилди
3-май күнү болгон Чоң-Алайдагы жер титирөөдөн улам жараксыз болуп калган үйлөрдүн ээлери мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан жалпы суммасы 5 миллион сомдук каражаттын сертификатын алды. Бул туурасында өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн маалымат кызматынын жетекчиси Жумамүдүн Сулайманкулов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Сулайманкуловдун айтымында, турак үйлөрүн мурда камсыздандырып койгон 25 үйдүн кожоюну акчалуу болду.

Аталган уюм Чоң-Алайга барып, үч ээлеринин ар бирине 200 миң сом өлчөмүндөгү каражаттын сертификатын тапшырган.

"Акчалары банк эсебине которулду. Тургундар аны каалаган учурда алып, үйдүн жерпайын түптөөдөн тарта чатырын жабууга пайдалана алышарын айтып, ыраазычылыгын билдиришти", — деди Сулайманкулов.

Эскерте кетсек, 3-майда саат 10:47лер чамасында Тажикстанда күчү 7 баллга жеткен жер силкинүү катталган. Жер титирөөнүн очогу Баткендин түштүк-чыгышынан 120 чакырым, ал эми Оштун түштүк-батышынан 192 чакырым алыстыкта жайгашкан. Мындай жер титирөө 5-майда болжол менен 11:15де болуп Ошто төрт, Баткенде 2,5-3 баллга жеткен. Анын кесепетинен Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагында 523 үй жарактан чыгып, 3000дей тургун чатырларга көчүрүлгөн. Кийинчерээк табигый кырсыктан жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү үчүн өкмөт атайын эсеп ачкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0