Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жекшеев: жол кырсыгына бир эле эмес, бир нече тарап күнөөлүү

© Sputnik / Табылды КадырбековЖурналист, телеведущий Азият Жекшеев
Журналист, телеведущий Азият Жекшеев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы учурда көп каттала баштаган жол кырсыктары коомчулукту ойго салып, канткенде аны азайтуу керек деген суроолор жаралууда
Жекшеев: жол кырсыгына бир эле эмес, бир нече тарап күнөөлүү

Бишкек шаарында болуп жаткан жол кырсыктарына бир эле эмес, бир нече тараптар күнөөлүү деп айтып берди "Кайгуул ТВ" программасынын алып баруучусу Азият Жекшеев Sputnik Кыргызстан агенттигине.

"Эки жылдан бери ушул тармакта иштеп жүрүп, бир нерсени байкап калдым. Жол кырсыктары боюнча айтсак, бул жерде баары күнөөлүү. Айдоочунун тарбиясы жок, ишин кээ бир учурда так аткарбагандыктан МАИ кызматында да бар. Жолдорду талапка ылайык жасай албагандыктан, Транспорт министрлиги менен мэриянын күнөөсү жок эмес", — деди Жекшеев.

Ал көп көчөлөрдө түндө жарыктын жоктугу да кырсыкка себепкер болгондугун кошумчалады.

"Мен деле айдоочу катары жүрөм. Жөө жүргүнчү өтүп бара жатканын дал маңдайыңа келгенде көрөсүң. Ал эми катуу ылдамдыкта келе жаткандар кишини сүзүп эле кетиши мүмкүн. Бул жерде ведомстволор ортосундагы биргелешип алып барган иштин жоктугу маселе жаратат", — деди ал.

Республикада өзгөчө акыркы убакта жол кырсыктары арбын катталып, алардын ичинде адам өмүрүн алган учурлар көп учурап жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0